Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуБаткен району 15.04.2019 16:43

Баткендин Кызыл-Бел айылында жаңы мечит ачылды

Turmush -  Кечээ, 14-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мечит ачылды. Бул тууралуу Кызыл-Бел айылынын башчысы Абдулла Исаков билдирди.

Анын айтымында, 800 кишиге ылайыктуу мечит кувейттик фонддун каржылоосу менен курулду. Жалпысынан 5 млн сом сарпталган имараттын курулуш иштери 5 айда толугу менен бүтүп, мечит заманбап жабдуулар менен жабдылган.

«Буга чейин айылда мечит бар болчу. Анын эскилиги жеткен жана тургундардын саны көбөйүп, мечитке батпай калды», - деди Исаков.

Жаңы имараттын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар, Кувейттен келген өкүлдөр катышты.

Кызыл-Бел айылынын таржымалы:

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын аталышы кызыл дөбөлөрдөн улам калган. Аймактык кабарчы буга чейин элеттин таржымалын тактаган болчу.

Айылдагы тарыхчы мугалим Тажимат Жапаровдун айтымында, элет 1972-1973-жылдары негизделген. Айылдын четинде кызыл топурактуу дөбөлөр көрүнүп тургандыктан Кызыл-Бел деп аташкан.

«Айыл алгач талаа болуп турган. Бара-бара эл отурукташып, суу тартылып, айылга айланган.
Кызыл-Бел Тажикстанга чектеш жайгашкандыктан Тажикстандын Исфара районунун аймагындагы этникалык кыргыздар көчүп келишкен. Айылда ар тараптан көчүп келгендер көп болгондуктан аралашма калк деп атап коюшат. Бирок барында кыргыз каны агып турат. Көчүп келгендер жөн гана ошол жакта калып, кийин мекенине кайткандар», - деген Жапаров.

Айылдын четиндеги көлмө Котур-Көл деп аталат. 1968-жылдары ал жерден уран казылып, Тажикстандын Исфара районундагы химиялык заводго ташылчу. Кийин 1973-жылдары жер астынан суулар чыкканда уран казылган чуңкур көлмөгө айланган. Химиялык заттардын кандайдыр бир реакциялык кубулушунан улам теринин котур, суу чечек жана башка ооруларынан жабыркагандар көлмөгө түшүп сакая башташкан. Ошондон улам көлмө Котур-Көл деп атала баштаган.

Айыл башчысы Намаз Рустамовдун айтымында, учурда айылдагы 1720 кожолукта 6680 адам жашайт. Бара-бара айдоо жерлери жоюлуп, бакка айланууда. Жалпы 1 миң гектарда бак-дарактар өскөн.

Айылда «Баатыр эне» наамын алган 177 эне, «Эне даңкы» наамын алган 37 эне бар. Элетте 2 орто мектеп, 1 ФАП, «Барчын» балдар бакчасы жана 3 мечит иштейт. Айылдын күн батыш тарабынан 600 кожолукка ылайыкташкан жаңы конуш түптөлүп, учурда ал жерге суу жеткирүү иши жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×