Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуАт-Башы району 15.04.2019 16:36

«Ичимдеги суу бөксөрбөй койду»: Ооруга чалдыккан ардагер мугалим К.Будошованын тагдыры

Turmush -  Ат-Башы районунун тургуну Күлийпа Будошова башталгыч класстарга сабак берип, ушул мезгилге чейин 10 класс бүтүргөн. Талыкпаган эмгегинин арты менен «Эл агартуунун отличниги» наамын алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Күлийпа Будошова 1960-жылы Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында төрөлгөн. Нарын шаардык педагогикалык колледжин 1981-жылы бүтүрүп, аталган айылдагы Т.Адыранов атындагы орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип баштаган. Акыркы 1 жылдан бери ооруга байланыштуу иштей элек.

«2018-жылдын апрель айынын аягында ооруп калдым. Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө 2 ай жаттым. Анда дарыгерлер сарык деген диагноз менен дарылашты. Бирок эч кандай вирус жок деп чыгарышты. Андан кийин ичиме суу толуп, Республикалык оорукананын терапия бөлүмүнө жаттым. Ал жерде 20 күн дарылансам дагы ичтеги суу бөксөрбөй койду. 2018-жылы дарыгерлер боордун циррозу деп диагноз коюп беришти. Жакшы болуп кетемби деген ой менен табыптарга да бардым. Бирок жакшы боло алган жокмун.

2018-жылдын жай мезгилинде Индиядан дарыгерлер келишти. Аларга анализдерди алып барсам, боорду эртерээк алмаштырыш керек дешти. Боорду алмаштырууга 40 миң доллар керек экен. Дарылары, анализдери кымбат. Башында болгон малыбызды сатып дарыландым. Бир дарыланганда эле 80 миң сом кетти. Кийин онкологияда 7 күн дарыландым, ага 27 миң сом короду.

Ичим катуу болуп көөп чыгат. Басканда тиреп кыйналам, уйку жок. Ийне сайдырып, дары ичип жатам», - деди ал.

Ардагер мугалимдин 2 эркек, 3 кызы жана 5 небереси бар. Ага жардам берүүнү каалагандар 0700 022 823 номуру аркылуу байланыша алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×