Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ош облусу, Ош 15.04.2019 16:13 На русском

«Баламды колго түшүрүү учурунда сабашкан»: Баңгизат менен кармалган жигиттин апасы окуя тууралуу айтып берди (видео, сүрөт)

Шектүү Н.А.
Шектүү Н.А.

Turmush -  Токтогул районунун Торкен айылынын тургуну Гүлмира Шакирова уулу милиция кызматкерлери тарабынан негизсиз айыпталып жатканын бүгүн, 15-апрель күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, баласы А.Н. 30-март күнү Бишкектен келип, 1-апрель күнү түндө Жалал-Абадга жогорку окуу жайда бирге окуган досуна жолугуу үчүн кетип, укук коргоо кызматкерлери тарабынан баңгизат сатууга айыпталып кармалган.

«Балам Бишкек шаарында курулушта иштечү. 30-март күнү ысык-көлдүк досу экөө үйгө келишти. Ал күнү чогуу сүйлөшүп, балдар укташты. Эртеси үйдө жумуш кылышты. Баламдын денеси сопсоо болчу. 1-апрель күнү жалал-абаддык досу Токтогулга келип, баламдан акча катып турууну сураныптыр. Балам макул болгондон кийин досу андан конок болуп кетүүнү өтүнүптүр. Балам ысык-көлдүк досу менен Жалал-Абад шаарына барып, ал жактагы досу менен унаада чогуу сүйлөшүп отурушуптур. Унаада жалал-абаддык досунан тышкары дагы бирөө бар экен. Бир маалда жалал-абаддык досу дүкөнгө кетери менен эки унаа токтоп, анын ичинен милиция кызматкерлери түшүп, балдар отурган унаадан баңгизат таап, баламды баңгизат сактоого айыптап башташыптыр. Балам "бул унаа биздики эмес" деп айтканына карабай бир милиция кызматкери баламды бир нече ирет уруп, алып кетишиптир (Жалал-Абад ОИИБге). Жолдон унааны токтотуп, баламды лом менен сабашыптыр. Башына пакет кийгизип, кыйнашыптыр. Кыйноо учурунда балам эсин жоготуп, кайра өзүнө келип, алардын айыптоосуна макул болуптур. Кийин тергөөчү, мамлекеттик жактоочу иш менен таанышпай эле кол коюшуптур. Баламды Жалал-Абад шаардык ооруканага алып барышып, дарыгерлерден "баланын ден соолугу жакшы" деген кагаз алышыптыр. Убактылуу жайга камалгандан кийин заара кыла албай калыптыр. Кийин бизге Жалал-Абад шаарындагы укук коргоочулар жардам беришти», - деди Гүлмира Шакирова.

Анын айтымында, баласынын иши Жалал-Абад шаардык сотуна өтүп, денесиндеги тактарга карабай уулун 2 айга камоо тууралуу чечим чыккан.

«Балам учурда убактылуу кармоочу жайда. Эми 2 ай тергөө иштери жүргүзүлөт. Мен бул иштин чечилиши боюнча Башкы прокуратурага, президентке, Жогорку Кеңешке, акыйкатчыга арыз жаздым», - деди Г.Шакирова.

Буга чейин Turmush басылмасы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ири өлчөмдө баңгизат менен кармалган Токтогул районунун тургуну милиционерлер тарабынан ур-токмокко алынган деген маалыматты төгүндөгөнүн жазган.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 1-апрелде оперативдүү иштердин жүрүшүндө Токтогул районунун тургуну 1 кг гашиш менен кармалган. Кармалган жаран 1993-жылы туулган Н.А. экендиги аныкталып, аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан иликтөө иштери башталган.

«Шектүү кармалгандан кийин Жалал-Абад ОИИБге жеткирилген. Жолдон аны эч ким сабаган эмес. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенге чейин оорукананын дарыгерлери тарабынан текшерүүдөн өткөрүлгөн. Соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Убактылуу кармоочу жайга киргизилип жатканда шектүү эч кимге доосу жок экенин билдирген. Бир сутка өткөндөн кийин аны сабап салышканын айтты. Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери бул факт боюнча Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана прокуратурага билдирүү жиберген. Тиешелүү кызматкерлер келип, ур-токмокко алынгандыгын 3-күнү каттоого алышкан.

Убактылуу кармоочу жайдан анын денесине жаракат келтирилген эмес. Шектүү мындай жол менен жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда. Болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренеси (уурдоо) жана 348-беренеси (документтерди жок кылуу) менен 4 жылга эркинен ажыратылган. Андан тышкары ага карата издөө жарыяланып, Россиянын аймагынан кармалгандан кийин депортацияланган.

Учурда баңгизаттарды сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат», - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×