Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 15.04.2019 13:46 На русском

Майлуу-Сууда дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Дилара табылды

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Дилара Абдрасулова табылды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБ тастыктады.

Маалыматка караганда, окуучу кыз ушул жылдын 8-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал 13-апрелде Майлуу-Суу шаарынан эле табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

«Дайынсыз болуп жаткан кызды милиция кызматкерлери Майлуу-Суу шаарынан эле таап, апасына тапшырып беришти», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×