Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Баракелде, Бишкек 15.04.2019 12:51

15-апрелден 21-апрелге чейинки аба ырайынын болжолу: Тоолуу аймактарда кар жаайт

Turmush -  15-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 81-90-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

15-19-апрелде Кыргызстандын аймактарында күтүлгөн аба ырайы

15-апрелде күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

16-17-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

20-21-апрель күндөрдөгү аба ырайынын болжолу

20-21-апрелде туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×