Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 15.04.2019 11:36

Аксыда Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен жигиттин денеси 13 күндөн бери табылбай жатат

Turmush -  2-апрелде Аксы районунун Тегене айылында Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен 26 жаштагы С. уулу К.нын денеси табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал буга чейин изделип, жыйынтык чыккан эмес. 14-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган. Натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 15-апрель күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×