Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Нарын облусуАк-Талаа району 15.04.2019 11:01

Ак-Талаадагы Бычан жайлоосуна баруучу жол оңдоодон өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Бычан жайлоосуна баруучу жол оңдолгондугун айыл тургуну Анара Нусупова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, жайыт комитетинин техникаларынын күчү жана 1976-жылы туулган жигиттердин аракети менен төмөнкү Бычан жайлоосуна бара турчу Молтой-Коо жолу оңдолду. Ошондой эле, жолдун чордонундагы көпүрө дагы оңдолуп, ага жалпы 15 миң сом каражат сарпталды. Бул каражатты 1976-жылкы жигиттер чогултуп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×