Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуАт-Башы району 15.04.2019 10:14 На русском

Толготкон келинчегин таксиге салып, өзү үйүндө калган жигиттер… Фельдшер Ж.Кайыпованын кызыктары

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылынын 53 жаштагы тургуну Жамал Кайыпова 33 жылдан бери сүйгөн кесибин аркалап келет. Ал жумуш үстүндөгү кыйынчылыктары, кызыктуу окуялары жөнүндө аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Өзүнүн айтымында, Нарын шаарындагы медициналык колледжинде акушер адистиги боюнча билим алып чыккан.

«Бала кезимде эле дарыгер болом дечүмүн. Бул кыялымды орундатуу максатында Нарын шаарындагы медициналык колледжинин фельдшер бөлүмүндө билим алууну каалагам. Бирок ал жакта студент көп болгондугуна байланыштуу акушер кесибин 1986-жылы алып чыктым. Ушул эле жылы аталган шаардын төрөт үйүндө 4 жыл иштедим. 1990-жылы Жаңы-Күч айылындагы жигитке турмушка чыккандан кийин айылдагы фельдшер-акушердик пунктуна үй-бүлөлүк фельдшер болуп кирдим.

Албетте, ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы болот. Биздин жумуш жеңил көрүнгөнү менен абдан оор. Себеби, бейтаптар менен жүрүп, тамактанууну унутуп, ачка калган күндөрүбүз болот. Иш үстүндө бир топ кызыктуу окуяларга кабылабыз. Алардын бирин айтып берейин. 1990-жылдары келиндердин көбү ай күнүнө жетип калса да ооруканага өз убагында кайрылышчу эмес. Мындан улам аларды үйдөн, жолдон, сарайдан төрөтүп, Ат-Башынын төрөт үйүнө алып барган күндөрүм болгон. Анысы аз келгенсип, айылдагы жигиттер ай күнүнө жетип калган жубайларын өздөрү төрөтканага алып барбастан мага табышташчу. "Төрөт үйүнө сиз алып барыңыз" деп мени аялдары менен таксиге салып жиберген күндөр да болгон (күлүп). Кээ бир учурларда жаңы эле каза болгондор кайрадан тирилип калабы деген үмүт менен мени чакыргандар болот», - деди ал.

Фельдшердин учурда 1 кыз, 4 уулу жана 6 небереси бар.

«Ал эми азыркы күндөгү эне менен наристенин ден соолугу тууралуу айта кетсем, чынында мурдагы учурга салыштырмалуу учурдагы жаш энелердин организми алсыз. Биздин айылда жаш энелер аз кандуу болушса, ал эми жашы өтүп калган адамдардын көбүнүн кан басымы көтөрүлүп, жүрөк, кант диабети ооруларына чалдыгып жатышат. Бул оорулардын келип чыгышынын бирден бир себеби, албетте туура эмес тамактануудан жана кыймыл-аракет аз болгондуктан. Биз аларга туура тамактануу, ден соолукка туура кам көрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.

Ал эми иш үстүндөгү кыйынчылыктарга токтоло кете турган болсок, азыркы күндө кээ бир ата-энелерде түшүнбөстүктөр пайда болуп, балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн өткөрүшпөйт. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн күндө дагы баш тарткан ата-энелер болот жана "иштебей эле айлык алып жүрүшөт" дегендер кездешпей койбойт.

Кесибим ар кандай кызыктуу окуяларга бай, мен аны ушунусу менен сүйөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×