Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 15.04.2019 09:42

Түптүн Талды-Суу айылында 12,8 млн сомго спорт зал курулуп баштады (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылында спорт залдын пайдубалына капсула салынды, деди Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Айнура Мамбеталиева.

Саамалыкты айыл өкмөттүн башчысы А.Мамбеталиева ачып, айылдык ардагерлер кеңешинин төрагасы Марат Борбуков, эмгектин ардагери Сүйүнтбек Касанатов, райондун акими Элчибек Жантаев жана спорт залдын курулушун жетектеп жаткан Алтынгүл Омоева баш болгон ата-энелер, мугалимдер, медицина кызматкерлери жана айылдын жашоочулары салтанаттуу түрдө спорт залдын пайдубалына капсула салышты.

«Спорт зал Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 12 млн 800 миң сомго курулуп жатат. «Саи Энд Трейд» ЖЧК курулушчулар фирмасынын 8 курулушчулары ичинде ысык-муздак суусу, жуунучу бөлмөсү, чечинип, кийине турган жайы бар заманбап спорт залды кура башташты», - деди А.Мамбеталиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×