Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 15.04.2019 09:27

Нарындын жаш футболчулары облустар аралык турнирге жолдомо алышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук стадиондо 2007-жылы туулган өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча Нарын облусунун биринчилиги өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга башкы калыс Адилет Иманкулов билдирди.

Нарын облусунун биринчилигинде Ак-Талаа, Кочкор, Ат-Башы райондорунан, Нарын шаарынан жана Тогуз-Торо районунан келишкен жети команда ат салышты. Турнир айлампа түрүндө өтүп, жаш футболчулар күйөрмандарга кызыктуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында Нарын шаарынын командасы 7 оюндун бешөөсүн утуп, 2 оюнда тең чыгуу менен 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунду Ак-Талаа районунун командасы, 3-орунду Тогуз-Торо районунун командасы камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды. Ошондой эле Кочкор районунун командасынын оюнчусу Нурсултан Кадырбеков «Мыкты дарбазачы», Тогуз-Торо районунун командасынын оюнчусу Нургазы Сулайманов «Мыкты чабуулчу», Ак-Талаа районунун командасынан Илимбек Мурадилов «Мыкты оюнчу» наамдарына ээ болуп, атайын баалуу белектер менен сыйланышты. Нарын шаарынын командасына облустар аралык мелдешке катышууга жолдомо берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×