Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Чүй облусуКемин району 15.04.2019 08:10

Чүйдөгү 2 айыл өкмөттүн башчысы шайланат

Turmush -  Чүй облусундагы 2 айыл өкмөттүн жаңы башчысы шайланат. Шайлоо 30-апрелде саат 09:00дөн баштап, саат 12:00гө чейин боло турганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Кемин районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Бейшеев өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Ошондой эле Москва районундагы Целинный айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозалиев өз каалоосу менен арыз жазып, кызматын өткөргөн болчу.

Айыл өкмөт башчыларын айылдык кеңештеги депутаттар шайлайт. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кемин жана Москва аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×