Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуАт-Башы району 14.04.2019 10:43

Ат-Башыда окуучуларды мажбурлап тасма көрүүгө алып баруу боюнча окуянын чоо-жайы иликтенип жатат

Turmush -  Ат-Башы районундагы окуучулар «Аталар керээзи» тасмасын милдеттүү түрдө акча төлөп көрүшкөндүгү жөнүндөгү маалымат боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Аталган тасманын жаратуучулары Нарын облусунун жетекчилигинин аппаратына ушул жылдын март айынын башында бул кинонун тарбиялык маанисин жана көптөгөн эл аралык фестивалдарда алдыңкы орундарды алгандыгын эске алып, жер-жерлерде көрсөтүү боюнча көмөк көрсөтүүнү суранып кат менен кайрылган. Ал кат өкүлчүлүктүн аппаратына келип түшкөн. Бардык кайрылуу, даттануу каттарына жооп берилгендей эле ар бир райондук администрацияларга тасманы көрсөтүүгө көмөк кылуу сунушталган.

Ал эми Ат-Башы районундагы болгон окуя боюнча азыр териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгы менен кошумча маалыматтар берилет. Мындай маселе өкүлчүлүктүн аппаратында биринчи жолу болуп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 1-апрелден 8-апрелге чейин Ат-Башы районундагы 21 мектепте 5-11-класстарда окуган окуучулар үчүн «Атанын керээзи» кинотасмасы көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Ага бардык окуучулар милдеттүү түрдө 60 сомдон төлөп барышкан. Бирок Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин окуучулары тасманы көрүүгө кыйнап киргизишкенин билдиришкен.

Айрым окуучулардын ата-энелери дагы «балдарды тарбияга чакырган тасма болсо бекер деле көрсөтүшсө болмок» деп нааразычылыктарын билдиришкен.

Алардын айтымында, тасма атайын буйруктун негизинде милдеттүү түрдө көрсөтүлгөн.

Ат-Башы районундагы орто мектепте окуган Э.М. жана анын классташтары алардын класс жетекчиси каршы болгонуна карабай тасма көрүүгө алып барганын айтышкан. «Эгерде кимде-ким тасма көрүүгө барбаса, акчасын анын классына бөлүп сала турганын айткан», - деп кошумчалаган окуучулар.

Тасма көргөнгө акча берүүгө каршы чыккан ата-энелер «балдарыбызга кысым болуп калышы мүмкүн» деп аты-жөнүн айтуудан баш тартышкан.

Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин директору Төрөбек Иманбердиев бул тасманы окуучуларга көрсөтүү боюнча акимчиликтен кат келгендигин билдирген.

Тасманы койгон киномеханик Марсгүл Абыловага Нарын облусунун мектептери бөлүнгөн. Ал «Атанын керээзи» тасмасы дүйнөлүк «Алтын зенит» сыйлыгынын жеңүүчүсү болгондугун жана бул тасманы ар бир мектептин 50 пайыз окуучусу кирип көрүүсү керектигин айткан.

«Тасма бардык облустарда коюлуп жатат. Мага Нарын облусу бөлүнгөн. Ак-Талаа, Кочкор, Ат-Башы райондорунда койдук. Башка райондорго дагы коюлат. 4-11-класстардын окуучулары тасманы көрүп, анан дилбаян жазышат», - деген ал.

Район боюнча жалпысынан канча окуучу тасманы көргөндүгү жана канча акча чогулганы белгисиз. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов аталган тасма райондогу канча мектепте коюлганын жана жалпысынан канча окуучу киргенин билбей турганын айткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×