Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ош облусу, Ош 14.04.2019 08:45

Ошто Куран окуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Ысымдар

Turmush -  10-11-апрель күнү Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде Зиябидин кары Атабаевдин жаркын элесине арналган республикалык Куран окуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка Ош шаары жана Ош облусунан келген 10 жаштан 35 жашка чейинки 50дөн ашык адам катышты. Анда 36 катышуучу 10 пара (Куран китеби 30 парадан турат), 11 катышуучу 20 пара, 9 катышуучу 30 пара айтуу боюнча күч сынашты. 25 жашка чейинки катышуучулар Куран китебинен 10 парадан 20 парага чейин айтышса, 25 жаштан 35 жашка чейинки катышуучулар 30 пара айтышты.

10 пара айтуу сынагынын жыйынтыгы:

- 1-орун — Эриядин уулу Мухаммед;

- 2-орун — Мухаммеджума Тажибаев;

- 3-орун — Миржамал Мухаммаджанов.

20 пара айткандардын жыйынтыгы:

- 1-орун — Абдураим уулу Бексултан;

- 2-орун — Данияр Мамажакыпов;

- 3-орун — Абдулла Маматжанов.

30 пара айтуу боюнча жыйынтык:

- 1-орун — Мухаммед Шералиев;

- 2-орун — Абдупазак Бахрамов;

- 3-орун — Мухаммедамин Кыдыркулов.

Жеңүүчү аталгандар 26-27-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү республикалык сынакка жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×