Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ысык-Көл облусуТүп району 14.04.2019 16:00 На русском

Погончон бийкеч: 24 жаштагы лейтенант Албина ок атуу боюнча жигиттерден кем калышпайт (сүрөт)

Turmush -  Милициянын 24 жаштагы лейтенанты Албина Ибраева Түп РИИБде кызмат өтөп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн.

«Бала кезден детектив кинолорду көрүп, Агата Кристинин китептерин көп окучумун. Детективдеги каармандар менен аралашып кетчүмүн. Ата-энем мени экономист болосуң деп Бишкекке жиберишти. Бала кезден милиция болууну самаган жаным ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясына барып, өтүп кеттим. Күндөрдүн биринде энем «башты оорутпай келгиң» дегенде, атама "аскердик ант бердим эле, антты сиз түшүнөсүз да" деп жатып араң калдым.

2017-жылы лейтенант деген наам алып чыктым. Келерим менен Ак-Суу РИИБде иштеп калдым. Андан кийин Түп РИИБде өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектор болуп эмгектенип келе жатам. Чынында ишибиз оор. Балдардын психологиясын таап иштебесең, жаш балдардын келечегине балта чаап аласың», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жакында ок атуу боюнча дүйнөнүн чемпиону Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналып ИИМ уюштурган ок атуу боюнча чемпионатта 13 кыздын арасынан 3-орунду ээлеп, коло медаль менен сыйланып келди.

«Ок атуунун 3 түрү — тапанчадан, мылтыктан жана автоматтан атуу боюнча мелдештик. 145 упай токтоп, 3-орунду ээледим. Жалпы командалык мелдеште биринчи орунду «Шумкар» атайын полктун кыздары, 2-орунду 2 коло, 1 күмүш медаль алган Ысык-Көл ОИИБдин кыздары, 3-орунду Бишкек ШИИБдин кыздары ээлешти.

Ок атуу боюнча чемпион болгум келет. Түп районунда кышкы туризмди колго алып, биатлонду өнүктүрсөм дейм», - деди ал.

Түп РИИБдин жетекчисинин орун басары Б.Байтоков Албина кыз болсо да бутаны жигиттерден мыкты ата тургандыгын айтты.

«Албина ак атуу боюнча кезектеги машыгууга барганда кээ бир жигиттер оозун ачып карап турушат», - деди ал.

Милиционер бийкеч мылтык атууга, баскетбол, футбол ойноого кызыгат жана тоого чыкканды жакшы көрөт. Үй-бүлө 4 бир туугандын (2 уул, 2 кыз) экинчиси. Атасы Эркинбек Ибраев, апасы Роза Мамырбаева экөө тең жеке ишкерлик менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×