Бөлүмдөр
Жума, 24-май
13.04.2019 20:44

Ош облустук сотундагы 2 судья кызматтан бошотулду

Turmush -  Ош облустук сотундагы 2 судьянын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Алар тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун бүгүн, 13-апрелде басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар кеңеши судьялар Абдрасул Шамшиев жана Назымбек Матраимовду өздөрү каалоосу менен жазган арыздын негизинде кызматынан бошотуу жөнүндө президентке сунуш киргизген. Анын негизинде экөөнүн тең ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×