Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ысык-Көл облусуТүп району 13.04.2019 15:42

Түптө талаага эгин себилип, курмандык чалынып, атайын ырым жасалды. Сүрөт

Turmush -  Түп районундагы Кудургу айыл аймагында Турдакун Усубалиевдин талаасы деген айдоо аянтында «Жакшы тилек жарчысы — кызыл бороз» деген аталышта үрөн себүү жөрөлгөсү өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага ар бир айыл өкмөттөн келген дыйкан-фермерлер, райондогу мекеме-ишканалардан коноктор, аксакалдар катышты. Анда куран окулуп, курмандык чалынгандан кийин Ысык-Көл облусунун жетекчиси А.Осмоналиев, аким Э.Жантаев, аксакалдар, жаш балдар жана бардык катышуучулар кол менен үрөн себишип, кызыл борозду башташты. Алар «түшүмүбүз мол болсун, күздө кырманыбыз кызылга толсун» деген тилектерди айтып үрөн себишти. Андан кийин талаага жайылган дасторконго бата кылышып, даам сызышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×