Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусуКара-Буура району 13.04.2019 15:22 На русском

Кара-Бууранын Аманбаев айылында жылкылар союлуп, боз үйлөр тигилип, Нооруз майрамы белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелде Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагында Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айыл башчысы Мансур Темирбековдун айтымында, бүгүнкү майрамда 2 жылкы союлуп, 15 боз үй тигилип жана 100 миң сом байге коюлду. Айыл аймакта Ноорузду үй-бүлөлөр кезектешип өткөрөт.

«Биз Ноорузду кезек менен өткөрүп келебиз. Бүгүнкү майрамды Жумабековдордун үй-бүлөсү өткөрүп жатат. Алар тамаша, оюн зоокторду уюштуруп, тамак-аштарды даярдап, келген коноктор үчүн 10 боз үй тигип берди. Ошондой эле жалпы 18 жамаат биригип, Нооруз майрамын өткөрүп, концерттик программа тартуулап беришти. «Шайыр апалар» тобу жана мектеп окуучулары комуз чертишип, ырдап-бийлеп, жагымдуу маанай тартуулашты. Майрамдын көпчүлүк бөлүгү оюн-зооктор менен коштолду. Улуттук оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берилди. Жалпы оюндарга 100 миң сом байге коюлган», - деди.

Кийинки Ноорузду уюштуруу кезеги Бокоевдердин үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×