Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Талас облусуМанас району 13.04.2019 13:50 На русском

Таласта унаанын отургучуна жашынып алып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган келин кармалды

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелде Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылган кыргызстандык келин кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн аталган чек ара бекетине «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа келген. Аны текшерүү учурунда ичинен Кыргызстандын 1971-жылы туулган жараны К.Б. (аял киши) табылды. Ал унаанын отургучуна жашынып алган. Териштирүү учурунда аталган адамга сот тарабынан Кыргызстандын аймагынан тышка чыгып кетүүгө тыюу салынгандыгы такталды.

Ал УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×