Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Талас облусуМанас району 13.04.2019 12:13

Манас районунда мыйзамсыз түрдө 20 тонна күйүүчү-майлоочу май ташып бара жаткан адам кармалды

Turmush -  Кечээ, 12-апрелде Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинен 20 тонна күйүүчү-майлоочу май ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жүктү «MАN» үлгүсүндөгү унаада мыйзамсыз ташып келе жатышкан. Жүктүн документтеринде бензанол деп көрсөтүлгөнү менен унаада 20 тонна бензин болгон. Жүктү туура эмес документ менен алып өтүүгө шектелип Кыргызстандын 1984-жылы туулган жараны А.Ж. кармалды. Ал жүк менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×