Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.04.2019 15:01 На русском

Кара-Көл шаарындагы депутат милиция кызматкерлерине болгон даттанууларды айтып чыкты

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин 10-апрелде өткөн кезектеги сессиясында депутат Адыл Чаргынов Кара-Көл ШИИБдин башчысы Насыр Иманбековго суроо узатты.

Ал былтыр Бишкекте белгилүү спортчунун кызы кырсыкка кабылган жагдайды мисал келтирди.

«Ошол нерсе бизде да кайталанбасын деген максатта сизден сурап жатам. Жакында биздин шаарда бир телеканал сюжет даярдады. Анда рейд жүрүп жатканда бир айдоочу унаасын айдап качып, аны жол коопсуздугун тескөөчү кызматкерлер чак түштө үйлөрдү, элди аралап кууптур. Ал үйлөрдүн алдында жаш балдар ойноочу аянтчалар бар. Ушул көрүнүш мыйзамдуубу?», - деди ал.

«Мигалкасын» күйгүзүп кубалашса мыйзамдуу. Анткени «мигалкасын» күйгүзүп, эскертип кубаласа ал жерде кыймыл токтошу керек. Ал эми качкан айдоочу жаш балдарга коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошондуктан алдын ала эскертүү берип кууган мыйзамдуу» деп жооп берди ШИИБ башчысы Иманбеков.

Адыл Чаргынов андан кийин экинчи суроосун узатты.

«Сизден мурун иштеп кеткен ШИИБ башчысынын убагында шаар ичинде, четинде жүргөн же токтоп турган унааларга милиция кызматкерлери барып, коркутуу, үркүтүү жолу менен акча талап кылган учурлар болгон. Бүгүнкү күндө 2 шаар тургуну кайрылды. Алар шаар четинде унаасында отурса милиция кызматкерлери барып, кол чырагын (фонарик) күйгүзүп, өздөрүн тааныштырбай же алардын документтерин талап кылбай эле «ким бар?» деп унаанын ичин карап текшергени мыйзамдуубу? Ошол учурда «кызматкерлер өздөрү мас экен» деген маалымат беришти», - деди ал.

«Мас болсо текшерүүсү мыйзамсыз. Мага кайрылышсын, мен тактайын», - деди ШИИБдин башчысы.

Депутат андан кийин милиция кызматкерлеринин уурулугу жөнүндө сөз кылды.

«Шаар тургундарынан маалымат түштү. Алар өздөрү шаардын четинде мал багышат. Ошол мал баккан үйүнө кирип барып, кире беришиндеги дүрбүсүн уурдап кеткен. Алар алыстан үйүнө киши киргенин көрүшкөн. Ким экенин сураштырышса милиция кызматкерлери болуп жатат. Ошол үйгө кирген милиция кызматкерин Чоң-Таш айылынан тосуп алышып, дүрбүсүн алып коюшкан. Сиздер канчалык эл үчүн жакшы иш кылсаңар да ушундай кызматкерлердин айынан формачандар ууру деген атка конуп жатасыңар. Эл: «формачандар үйүбүзгө кирип, дүрбүбүздү уурдап кетсе аларга кантип ишенебиз» деп жатат», - деди Чаргынов.

ШИИБдин башчысы бул маалыматты тактап, тиешелүү чараларды көрөрүн белгилеп, депутатка кат түрүндө жооп берерин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×