Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.04.2019 10:11

Жыл башынан бери Жалал-Абадда 113 өрт кырсык катталып, 11,7 млн сомдук зыян келтирди

Turmush -  2019-жылдын 3 айында Жалал-Абад облусунда 113 өрт кырсык катталып, андан келтирилген материалдык зыян 11 млн 770 миң 447 сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кырсыктардан 3 адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. 17 тонна тоют, 10 баш мал, 20 үй канаттуулары жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 12 адам, 2 унаа жана 33 млн 381 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калды. Жыл башынан бери өрт кырсыктарын алдын алуу максатында өздүк курам тарабынан 30 миңден ашуун адамга күнүмдүк тиричилик учурундагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×