Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 13.04.2019 09:56 На русском

Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп 27 жаштагы Н.Турсунбеков дайындалды

Turmush -  Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп 27 жаштагы Нуржигит Турсунбеков дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, буга чейин аталган кызматты Кубатов Сагын Жекшенович ээлеп келген. Ал өз каалоосу менен ушул жылдын башында кызматынан бошотулган.

Жаңы жетекчи Турсунбеков Нуржигит Турсунбекович 1992-жылы Каракол шаарында туулган. 1999-жылы Караколдогу №11 гимназия мектебине кирип, 2007-жылы аяктаган. 2007-2010-жылдары Ысык-Көл кооперативдик техникумунда билим алып, бухгалтердик эсеп жана аудит кесибине ээ болгон. 2013-жылы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттен бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. 2016-2017-жылдары Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында окуп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча магистр наамына ээ болгон.

Эмгек жолун 2010-2015-жылдары кичи ишканада бухгалтер болуп баштаган жана бир катар иштерде иштеген. 2015-жылдан тартып 2018-жылдын август айына чейин Каракол шаардык мэриясынын уюштуруу иштери бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенген. 2018-жылдын август айынан тарта азыркы күнгө чейин Ысык-Көл облусунун жетекчисинин жардамчысы кызматында иштеп жаткан.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×