Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баткен облусу, Баткен 12.04.2019 19:10 На русском

Баткенде айгүл гүлүнө арналган фестиваль өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 11-апрелде Баткен шаарында айгүл гүлүнө арналган фестиваль өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, облус жетекчилиги тарабынан Баткенде туризм тармагын өнүктүрүү жана айгүл гүлүн даңазалоо максатында уюштурулган фестивалдын салтанаттуу бөлүгү Баткен шаарында концерттик программа менен башталды. Ага жеке ишкерлердин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен эстрада жылдыздары да чакырылды. Ошондой эле жергиликтүү өнөрпоздордун да таланты тартууланды.

Саамалыктын экинчи бөлүгү бүгүн, 12-апрелде Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Айгүл-Тоодо улантылды. Анда А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма-театр тарабынан айгүл гүлүн чагылдырган сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланып, концерттик программа коюлду. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын кыздары менен Баткен шаарынын жигиттеринин ортосунда сармерден уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×