Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Талас облусу, Талас 13.04.2019 09:37 На русском

Вице-мэр айымдын ачуусу, кечирим сураган адам, милициянын жообу: Таластагы окуянын чоо-жайы

Turmush -  Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбекованы «акча алат» деп айыптаган адамдын үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Вице-мэр Асел Күрүчбекованын айтымында, аны айыптаган адам андан кечирим сурады.

«2019-жылдын 26-март күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өзүнүн иш сапары менен Талас облусуна келген. К.Медетбеков атындагы драма театрда активдер менен жолугушуусунда 600 кишинин алдында мага бейтааныш адам «Мэриянын ичинде коррупция бар. Вице-мэр келин ар бир иш кагазына кол койгону үчүн 1 миң сомдон алат» деген маалымат берген экен. Мен ал жыйынга катышпай калгам. Ал жөнүндө эртеси Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдон уктум. Мен биринчиден ал адамды тааныбаганым үчүн, экинчиден антип акча албасам, өзүмдүн укугумду коргоо үчүн Талас облустук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылгам. Ал киши алды деп далилдерди келтире алган болсо жооп берем деп ачык-айкын териштирүүнү кааладым. Териштирүү учурунда ал аксакал «ушак сөздөргө ишенип, туура эмес сүйлөп алдым» деп кечирим сурады», - деди Күрүчбекова.

Вице-мэр А.Күрүчбекова

Вице-мэрди «акча алат» деп айыптаган Бакай-Ата районунун 63 жаштагы тургуну Өмүрбек Алымкулов андан кечирим сурагандыгын тастыктады.

«Мен үйдөгүлөр документ бүтүргөндө кеткен каражатты эсептеп алган экенмин. Ушак сөздөрдү чын көрүп айтып алыптырмын. Ал вице-мэр келинди өзүм көргөн эмесмин. Кечирим сурап, күнөөмдү толук мойнума алдым», - деди ал.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, жазылган арыз боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

«2019-жылдын 29-мартында Асел Күрүчбекова арыз менен кайрылган. Ал «Алымкулов Өмүрбек аттуу адам "Талас шаарынын мэриясында коррупция бар" деп жалган жалаа жаап жатат» деп билдирген. Аталган факты Талас ОИИБде катталып, текшерүүгө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат жана мыйзам чегинде чара көрүлөт», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×