Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Талас облусу, Талас 14.04.2019 13:00

Айыл турмушу: Таластык Б.Муктарова үйүндө глоксиниянын 60тан ашык түрүн өстүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 41 жаштагы тургуну Бактыгүл Муктарова глоксиния гүлдөрүнүн 60тан ашуун түрүн өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча эсепчи.

«Глоксиния аталышындагы бөлмө гүлдөрүн 3 жылдан бери өстүрүп келем. Себеби жаңы сорттогу гүлдөрдү көргүм келди. Болжол менен 5 жыл мурун Таласта окшош эле гүлдөр жайылып, баарыбызга белгилүү болуп калган эле. Ошондо интернет булактарынан чет жактагы гүлдөрдү карап, кызыкдар болуп калдым. Түркүн гүлдөрдү өстүрүп көрсөм кандай болот болду экен деген ой менен Россия, Украинадан уруктарын буйрутма менен алдырдым. Колумдан глоксиниялар жакшы өсүп кетти. Интернет аркылуу буйрутма берем. Орус айымдардан түзүлгөн тайпа бар, ошол жерге катталып алгам. Алар мага гүлдүн уруктарын салып турушат. Азыркы учурда глоксиниянын 60 түрү бар. Глоксиния табышмактуу гүлдөй болуп кетет. Бир эле челекте бир сөңгөктөн өсүп, бирөөсү ак, экинчиси кызыл болуп гүлдөй беришет.

Глоксиниянын сырлары көп. Жалбырагына эч кандай суу тийгизбестен сугарыш керек. Жалбыракка суу тийсе ошол замат кебез менен тазалап чыгам. Антпесе жалбырактарынын өңү бузулат. Булар жарык жерди жакшы көрөт. Бирок ачуу күн тийген жерлерден оолак кармоо керек. Антпесе жалбырактары бат эле саргайып кетет. 2 айдын ичинде бул гүлдөр топурактын курамындагы бардык минералдарды жеп бүтүп коюшат. Ошондуктан органикалык жер семирткич берип турам. Алар даяр болуп, суюк түрдө сатылат. Дүкөндөрдөн 90 сомдон сатып алам, көпкө жетет. Аны 1 литрлик желим бөтөлкөгө эзип алып, аздан куюп турам.

Гүлдөрүмдү инстаграм баракчама жүктөп койсом бат эле сатылып кетет. Атайын көргөзмөгө алып чыкпайм. Жалбырагы 100 сомдон, тамыры барлар 150 сомдон сатылат. Тамыр алгыча 8 ай убакыт керек. Булар көрк бергенден башка дагы көзгө пайдасы чоң. Жан дүйнөнү сергитип, кооздук берет. Үйүмдү сыртынан ичине чейин гүл кылууну максат кылып жатам. Суук түшкөнгө чейин гүлдөп турса дейм. Сырткы гүлдөрдүн көп жылдыктарын алдырып жатам. Россиядан алдырган сорттору көп. Бишкектен гүл көргөзмөгө катышып келдим. Ал жактан эшик гүлдөрүнүн уруктарын алгам. Жайында бегония, герань гүлдөр менен дагы иштейм», - деди ал.

Бактыгүл айым 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×