Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусу, Кара-Балта 12.04.2019 15:07 На русском

Кара-Балтада жаш келин ок тийип каза болду

Turmush -  Кара-Балта шаарында 30 жаштагы аял өз өмүрүнө кол салып көз жумду. Окуя 11-апрелде болгонун булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1989-жылы туулган М.Т. мергенчилик менен алектенген күйөөсүнө таандык куралдан өзүнө карата ок чыгарган. Жергиликтүү жашоочулар маркумду шайыр, позитивдүү адам болгонун эскеришип, өз өмүрүнө кол салганы таң калтырып жатканын айтышты. Кошуналардын маалыматы боюнча, бул үй-бүлө жетиштүү жашаган.

Маркумдун артында 7 айлык баласы калды. Мурунку ымыркайынан курсагындагы кезинде эле айрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×