Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.04.2019 15:03 На русском

Караколдо эртең тынчтык митинг өтөт. Кимдер чогулат?

Каракол
Каракол

Turmush -  Каракол шаарында саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтары 13-апрелде тынчтык митингге чогулат. Алар митинг өткөрүүгө жергиликтүү бийликке кайрылып, уруксат алышты.

Мэриянын маалыматына караганда, тынчтык митинг борбордук аянтта саат 14:00дө башталат.

«Мыйзамга ылайык, митингди А.С.Пушкин атындагы эс алуу багында уюштурууга уруксат берилди. Милиция коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Өрт өчүрүү жана тез жардам кызматкерлери нөөмөттө болот», - деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин Ысык-Кѳл облусунун тургундарынан турган топ саясатчы Өмүрбек Бабановдун мекенине кайтышы боюнча АКИpress – Ысык-Көлдөгү маалымат жыйында өз ойлорун билдиришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×