Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Талас облусу, Талас 12.04.2019 14:23 На русском

Таластагы тынчтык митингди стадиондо өткөрүү сунушталды

Turmush -  Интернет колдонуучулар Талас шаарынын мэри А.Жузупбековдун «Республика» партиясынын төрайымы А.Молдожунусовага жазган катын жарыялашты.

Катта мэрия аталган партиянын Талас шаарындагы Бердике баатыр көчөсүндө тынчтык митингин өткөрүү боюнча билдирүүсүн алгандыгы айтылган. Мэрдин жообунда 13-апрелде саат 14:00дон 17:00го чейин борбордук аянтта АРИС уюмунун жайыт комитеттерине 74 мотоцикл тапшыруу иш-чарасы өтө тургандыгын белгиленген. Андыктан тынчтык митингине катышпаган адамдардын коопсуздугун, укуктарын коргоо максатында аталган жайда митинг өткөүүгө тыюу салынат.

«Талас шаардык мэриясы тынч чогулушка суралган ордун карап, аталган аянтта мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдары, мектепке чейинки балдар мекемелери жана жалпы билим берүү уюмдары жайгашкандыгына байланыштуу КРнын «Тынч чогулуштар жөнүндөгү» мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, суралган жерге тынч митинг өткөзүү мүмкүн эмес жана 2019-жылдын 13-апрелинде саат 14:00дон 17:00го чейин аталган аянтта АРИС тарабынан уюштурулуп жайыт комитеттерине 74 даана мотоцикл берүү иш-чарасы өтөт. Андыктан тынч чогулушка катышпаган жарандардын саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында 2019-жылдын 13-апрелинде Талас шаары Бердике баатыр көчөсүндөгү КРнын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн административдик имаратынын алдында «Республика» партиясы тарабынан уюштурулуп жаткан тынч чогулушту өткөрүүгө 2019-жылдын 11-апрелиндеги №36 сандуу чечими менен тыюу салганын билдирет. Ошого байланыштуу Талас шаардык мэриясы тынч чогулушту 2019-жылдын 13-апрелинде Э.Кутманалиев атындагы стадиондо өткөрүүнү сунуштайт», - деп айтылат мэрдин жазган жообунда.

Ал эми Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев мэрия тынчтык митингди стадиондо өткөрүү боюнча сотко кат жазышкандыгын белгиледи.

«Мэрияга тынчтык митинги тууралуу кат 10-апрель күнү саат 18:30дар чамасында келип түштү. Мен катты координациялык кеңешмеге салдым. Ал күнү Талас шаарынын борбордук аянтында АРИС программасынын жайыттар боюнча иш-чарасы өтөт экен. Алар иш-чара боюнча катын 9-апрель күнү беришкен экен. Биз каршылык кылган жокпуз. Болгону өтүү ордун алмаштырдык. Тынчтык митингин Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондо өткөрүүсү боюнча сотко кат жаздык. Талас шаардык сотунун чечими бүгүн саат 14:00до каралып чыгат», - деди Курманалиев.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Кыргызстанга кайтып келерин билдирген. Анын тарапташтары ал күнү тынчтык митингин өткөрүүнү пландап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×