Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
12.04.2019 14:08 Жаңыланды: 12.04.2019 19:00 На русском

Тоңдун тургуну мас абалда 4 айлык кызын чаап өлтүрдү. Сот кандай чечим чыгарды?

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң райондук соту өзүнүн 4 айлык наристесин чаап өлтүргөн жергиликтүү тургун боюнча ишти карап чыгып, чечим чыгарды.

Тоң райондук прокуратурасынын маалыматына караганда, окуя 2018-жылы 27-декабрь күнү Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Кондой участкасында болгон. Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын Көк-Ой участкасынын 1991-жылы туулган тургуну Эмир [Р.у.Э., аты өзгөртүлдү] кошуна кашарда жашаган Максаттын [М.Т., аты өзгөртүлдү] үйүнө конокко барып, ал жерде спирт ичимдигин ичип отурушкан.

Эмир мас абалда өзүнүн 1992-жылы туулган аялы Мээримди [М.Х., аты өзгөртүлдү] «арак ичпейсиң» деп сөгүп, сабап баштаганда, Мээрим 2018-жылы (төрт айлык) туулган кызы Айназикти [А.Э., аты өзгөртүлдү] сыртка алып чыгып, сарайдын жанында жашынып отурган. Ошол учурда ымыркайдын ыйлаган үнү аркылуу Эмир аларды таап алып, жыгач менен аялынын башына чаап, андан кийин кызын башка чаап жиберген. Анын кесепетинен 4 айлык наристе Тоң райондук аймактык ооруканасында алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча 2018-жылдын 29-декабрь күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда аталган кылмыш боюнча соттук-медициналык, психиатриялык, криминалисттик жана биологиялык экспертизалар дайындалып, топтолгон материалдардын негизинде Эмирдин күнөөсү толугу менен далилденген. Тергөө аяктагандан кийин иш Тоң райондук сотуна кароо үчүн жөнөтүлгөн. Соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусуна караганда, айыпталуучунун акыл-эси соо.

Аталган кылмыш иш боюнча өткөрүлгөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Эмирди КРнын Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен (этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү) күнөөлүү деп таап, аны 10 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Тоң райондук сотунун 2019-жылдын 11-апрелиндеги өкүмү менен Эмир КРнын Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин Тоң районунда ата-энесинин урушу учурунда катуу жаракат алып көз жумган 4 айлык кыздын өлүмү боюнча тергөө иштери улантылып жаткандыгы маалымдалган.

Жубайлар Туура-Суу айылындагы кашарда чабан болуп эмгектенип жатышкан. Алар 2 балалуу болушуп, улуусу туугандарынын колунда болчу. Turmush басылмасынын кабарчысы алар жашаган кашардын ээси Берди Алымкулов менен жолугушту.

«Мен бул үй-бүлөнү октябрда (2018-жылы) чабан кылып кашарга алып баргам. Аларды жарнама аркылуу тапкам. Эки баласы бар экен, улуу кызы 2 жашта болсо, кийинкиси кичине болчу. Буга чейин үй-бүлөнүн чыр-чатагын байкаган эмесмин.

Мен 26-декабрь күнү кашарга барып, жакшы экенин көрүп кеткем. Эртеси, 27-декабрь күнү эртең менен биздин кашардан 1,5 чакырым алыста жашаган Максат деген кишинин үйүнө аялы экөө тең конокко барышыптыр. Ал күнү мал короодон такыр чыкпаптыр. Ал үйдө түнгө чейин отуруп, бирөөсүнүн туулган күнүн белгилеп, арак ичишкен. Аялынын айтымында, аны да кыйнап ичириптир.

Түнкү саат 23:00 - 24:00 чамасында жубайлардын ортосунда уруш чыгып, жыгач менен аялын чабам деген күйөөсү 4 айлык кызын чаап алган. Ага ачууланган аялы бычак менен күйөөсүн колго сайган. Ызы-чуу болуп жатып, түнкү саат 04:00 чамасында ооруканага барышып, мага ооруканадан 4:20да телефон чалышты.

Бул окуя менин кашарымда эмес, Максаттын үйүндө болгон. Наристе оор жаракат алып, бир күндөн кийин чарчап калды. Баланын эжеси менен жездеси наристени Барсконго алып барып, жерге беришти. Ал эми келиндин төркүндөрү келип, кызынын оокатын жыйнап, алып кетишти», - деди Б.Алымкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×