Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 12.04.2019 12:56 На русском

Сүрөт — ОшТУда эң сулуу кыз тандалды

Сынактын жеңүүчүсү Айзат Сатимбекова
Сынактын жеңүүчүсү Айзат Сатимбекова

Turmush -  Кечээ, 11-апрель күнү Ош технологиялык университетиндеги студент кыздар арасында тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти менен жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган «ОшТУ периси-2019» сулуулар сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара «Кыргызстан» кинотеатрында өткөрүлүп, ага Ош шаарынын тургундары, катышуучулардын ата-энелери, окутуучулар жана студенттер күбө болушту.

Сынакта жалпысынан 5 катышуучу ат салышып, калыстар тобунун сынынан өтүштү. Анын жыйынтыгында 1-орунду архитектура жана курулуш факультетинин 1-курсунун студенти Айзат Сатимбекова алды. Ал эми 2-орунду табигый техникалык факультетинин 2-курсунун студенти Шырманай Айтматова утса, 3-орунга Технологиялык колледждин 3-курсунун студенти Айзирек Жумабай кызы ээ болду. Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларга аталган окуу жай тарабынан «Арстанбаб» санаторийине 3 күндүк эс алууга жолдомо, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×