Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Чүй облусуМосква району 12.04.2019 11:36 На русском

«Келиним үйдөн чыга албай калды...»: Жер талашкан эки кошунанын иши сотко өттү (видео)

Садовое айыл өкмөтү
Садовое айыл өкмөтү

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылынын 40 жаштагы тургуну Шалифу Шерба менен кошунасы 53 жаштагы Хачеза Юсузанын ортосунда жер тилкеси үчүн чыр чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Хачеза Юсузанын айтымында, кошунасы менен болгон жаңжал 3 жылдан бери чечилбей келет. Ал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын дооматтарын бир нече жолу четке каккан Шалифу Шерба айдоо аянтынын белгиленген чегин өз билемдик менен бузуп, анын жерин дагы тартып алууга аракет кылып жатканын айтты.

«Биз ага теңелгибиз деле келбейт. Кээде өтө эле чектен чыгып, жолдошумду түрткүлөйт. Ал балдак менен араң басып жүрөт. Менин келинимди коркутат. Келиним чарбакта жумуш кылып жатканда маңдайына келип, жерге жатып алат. Бул эмне деген шумдук? Адамдык касиети кайда? Байкуш келиним биз жокто үйдөн чыга албайт. Сүйлөгөн сөздөрүнө адам чыдабайт. Оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүп, "Арыздана бергиле. Мен маселени акча менен чечип алам. Кайда барсаңар да жер меники!" деп кыйкырат. Эгерде каршылык көрсөтүп колунан кармап же түртүп койсоң дароо ооруканага жатып алат. “Мени урду, сабап салышты" деп арыздана баштайт. Кошуналар дагы анын сырын билишет. Аргасыздан качып кутулушат. Мени да түрткүлөп денемди көгала кылган. Анын айынан инсульт да болгом. Жакында эле райондук ооруканадан дарыланып чыктым. Кээде башым ооруйт. 3 жылдан бери жер маселесин чече албаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кантип ишенсе болот? Өз ара пикир келишпестикти коомчулукка жарыя кылууну каалаган деле эмесмин. Тынчтык бербеген Шалифу Шербанын коркутуулары жүрөгүмдү оорутуп жатат», - деди Хачеза Юсуза.

Ал эми Шалифу Шерба анын дооматтарын четке кагууда.

«Менин күнөөм жок. Бир нече жолу атайын комиссия келген. Мен дагы Хачеза Юсузанын жоруктарынан тажадым. Айлам кеткенде өз чарбагымды зым тор менен тосуп алдым. Ошондо да 80 см жеримди ал тарапка (Хачеза Юсуза) бердим. Мейли, кудай баарын көрүп турат. Эми "суу бербейсиң" деп жатышат. Арык менин чарбагымдан өтөт. Мен ал арыктан суу бербейм. Башка тараптан суу өткөрүп алышсын. Жер меники, ага жыл сайын жер салыгын төлөп келем», – деди Шалифу Шерба.

Садовое айылынын Луговая көчөсүндө жашаган 2 кошунанын чыры аягына чыга турчу түрү жок. Аймактык кабарчы айыл өкмөт башчысы Муратбек Долеткулов менен айыл өкмөттүн жер боюнча адиси, айыл аксакалы Дүйшөнбек Керимбаевден окуянын чоо-жайы тууралуу сурап кайрылды.

«Биз бир нече жолу комиссия түзүп, барып текшерип, жер тилкесин мыйзам чегинде белгилеп бергенбиз. Урушса, жараштырабыз. Арадан 1 жума өтүп-өтпөй кайра эле баягы көрүнүш. 8-апрелде эле комиссиянын курамы барып, маселени жеринде чечип келгенбиз. 10-апрелде кайрадан суу талашып, арызданып жүрүшөт. Учурда алардын иши сотто. Мыйзам чегинде чечим чыгат. Биздин оюбузча, алардын биз билбеген тирешүүсүнө жер тилкеси шылтоо болуп жаткандай. Эки кошунанын талашкан жер тилкесинин аянты 2 метрге да жетпейт», - дешти алар.

Учурда жер тилкесинин талашы, суу боюнча маселелер тийиштүү органдар тарабынан текшерилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×