Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуСузак району 12.04.2019 09:58 На русском

Эки жүргүнчү айдоочунун колу-бутун байлап, унаасынын акчасын бөлүшүп алышкан (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда айдоочунун колу-бутун байлап, унаасын саткан соң, акчасын тең бөлүшүп алган эки адам кармалды. Алар учурда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Окуянын чоо-жайын аймактык кабарчы териштирди.

Маалым болгондой, Сузак районунда ушул жылдын 24-февраль күнү Базар-Коргон районунун 32 жаштагы тургуну А.Музафарды унаасына жүргүнчү катары отурган эки эркек киши ур-токмокко алышкан. Алар аны Кара-Дарыя айыл аймагындагы ээн талаага алдап айдатып барышып, кыйнашкан.

«Эртең менен О.Ю. аттуу жигит мага телефон аркылуу байланышып, келинчегин үйүнө жеткирип коюу керектигин, кайра Жалал-Абад шаарына жалдап барып келерин айтты. Мен макул болуп, аны менен Жалал-Абадга барып, автобекетте анын Ж. аттуу досун күтүп турдук. Ал чыккан соң экөө Сузак районундагы Ош—Бишкек жолундагы айлампа жол тарапка барып, ал жактан ичимдик ичип отурууну айтты. Мен макул болуп, ошол тарапка айдадым. Андан соң, Ж. аттуу жигит Сузак районундагы Серный айылындагы короосунда 500 чамалуу кою бар экенин, аны короого камап коюу керектигин айтып, ал жакка барууну суранды. Мен макул болуп, унааны ошол жакка айдадым. Алар жолдон бир бөтөлкө коньяк сатып алышып, Кара-Дарыя айылы тараптагы адырда койлор жайылып жүргөн жакка бурдурушту. Анан бир эски короого бардык, экөө кирип кетип, ичимдик ичип чыгышты. Ошондо алардын бири мойнумдан катуу кысканда эсимди жоготуптурмун.

Көзүмдү ачсам, колу-бутум, оозум скотч менен оролгон абалда экенмин. Алар оозумду бошотушуп, унаамдын жанына тургузуп: «Менин бул жигиттерге 70 миң сом карызым бар, азыр ал карызымды ушул унаамды сатып төлөйм», - деп айттырышып, телефонуна видеого тартып алышты. Анан мени кайра ур-токмокко алып, колу-бутумду байлап, унаамды, паспортумду, айдоочулук күбөлүгүмдү жана унаамдын техникалык паспортун, уюлдук телефонумду алып, мени сарайга таштап кетишти. Ал жерден эбин таап, бошонуп чыккандан кийин адырды аралап 3 сааттай жүрүп, Ош—Бишкек жолунун Беш-Капа участкасынан чыктым. Жолдон адамдардын телефонунан жакындарыма байланышып, аларды чакырып, анан милицияга арыз жаздым», - деди жабырлануучу.

Ал эми милиция түшкөн арыздын негизинде кылмышка шектүү катары 2 адамды кармашкан.

«Түшкөн арыздын негизинде аталган факт Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам топ түзүлгөн. Алар тарабынан 8-март күнү кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 1981-жылы туулган тургуну О.Ю. Чүй облусунун Сокулук районунда жүргөн учурда, ал эми анын кылмыштуу шериги — Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну Ю. уулу Ж. кармалган. Аталган факт боюнча КРнын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен сотко чейинки өндүрүштүк иши болуп катталган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүргүзүлүүдө», - деди Сузак РИИБдин криминалдык милиция бөлүмүнүн башчысы Шергазы Абдалов.

Ал эми кылмышка шектүү катары кармалган О.Ю. өзүнүн көрсөтмөсүндө, унааны 25 миң сомго сатып жиберишкенин билдирген.

«Шеригим менен жакшы тааныш эмес элем, ошол күнү аны менен бирге коньяк ичип, мас абалда ушул ишке барганбыз. Унааны 25 миң сомго сатып, акчаны шеригим менен 13 миң сомдон бөлүшүп алдык. Азыр кылган ишиме өкүнүп жатам, буга чейин мындай кылмыштарды кылган эмес болчумун», - деди шектүүлөрдүн бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×