Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баракелде, Бишкек 12.04.2019 10:01

Шашылыш билдирүү: Жамгыр жаап, дарыялардагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 12-апрелде Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдуң жерлерин суу каптап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

12-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер