Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 12.04.2019 09:45 На русском

Бир көчөнүн тарыхы: Оштогу Депутат көчөсү кайсы эл өкүлүнүн урматына коюлган? (сүрөт)

// Turmush

Turmush -  Ош шаарындагы Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында Депутат деген аталышты алып жүргөн көчө бар. Аймактык кабарчы анын аталышы эмнеден улам коюлуп калганын билип көрдү.

Аталган аймактык башкармалыктын башчысы Анвар Абдрахмановдун айтымында, бул ат СССР убагында эле коюлган.

«Өзүм 1948-жылы төрөлгөм. Мектепте окуп жүргөндө эле Депутат көчөсү болчу. Ал көчөдө дээрлик 90 пайыз орус улутундагы тургундар жашачу. Эки депутат (Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин) ошол көчөдө жашаган, аты-жөнүн билбейм. Ошолордун урматына көчөгө ушундай аталыш берилген. Алардын бири 1960-жылдары каза болгон, экинчиси көчүп кеткен. Бирөөсүнүн уулу учурда Бишкекте дарыгер болуп иштейт», - дейт Анвар Абдрахманов.

Ал көчөдө жашаган жашоочулардын көпчүлүгү жаңы көчүп келишкендиктен көчөнүн аталышынын маанисин билишпейт. Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов Ош шаарындагы Географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү комиссиясынын төрагасы катары көчөлөрдүн аталышы эмненин негизинде ыйгарылары айтып берди.

«Мыйзам боюнча көчөгө ат коюуда Кыргызстандын бардык жарандары каалаган адамдын атын сунуштап, мэрдин атына сураныч кат жазса болот. Бирок мыйзамда жазылбаганы менен сунуштаган адам бир тармакта эмгеги сиңген, элине кызмат кылган адам болуш керек. Алгач ошол көчөдө жашаган тургундардын макулдугун, андан кийин кварталдык башчынын уруксатын алат. Мэрияга сунушталып, жактырылса, Мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектура, маданият бөлүмдөрүнөн жана аксакалдар кеңешинен түзүлгөн комиссиянын жыйынында талкууга коюлат. Комиссия тарабынан жактырылса, шаардык кеңештин депутаттары корутунду чыгарып берет.

СССР убагындагы көчөлөрдүн аталыштары акырындык менен өзгөртүлүүдө. Кыргыз элине кызмат кылган, эмгеги сиңген белгилүү адамдардын мааракесин белгилегенде мэрия тарабынан ошол адамдын атын бир көчөгө ыйгаруу тууралуу сунуш келет. Учурда шаар боюнча жалпысынан канча көчө бар экенин так айта албайм. Ал эми Депутат көчөсү эмненин негизинде коюлганы өзүмө да кызык болуп калды», - деди Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×