Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 12.04.2019 08:52 На русском

Ошто студент кыз жатакананын 3-кабатынан боюн таштады

Turmush -  Ош шаарында студент кыз 3-кабаттан боюн таштап, аман калды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 11-апрелде саат 20:30 чамасында Ош шаарынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан жатаканалардын биринде катталган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун студенти 3-кабаттан кулап кеткен. Дарыгерлер алгачкы кароо учурунда кыздын акыреги сынгандыгы аныкталган. Учурда кошумча диагностикадан өткөрүлүүдө. Кыздын өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Тергөөнүн алгачкы версиясына жана алынган көрсөтмөгө караганда, студент кыз жакын адамы менен телефон аркылуу урушуп кетип, боюн таштаган. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×