Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Ош облусу, Ош 11.04.2019 15:22

19 жаштагы Аймончок 1 жумадан бери дайынсыз (сүрөт)

Аймончок Таир кызы
Аймончок Таир кызы

Turmush -  Ноокат районунун Жийде айылынын 19 жаштагы тургуну Аймончок Таир кызы 4-апрель күнү саат 11:30 чамасында үйүнөн чыгып, окуусуна кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Аймончоктун апасы Толгонай Абылова аймактык кабарчыга билдирди.

Аймончок М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 1-курсунун студенти. Апасынын айтымында, Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасында убактылуу жашап жаткан үйүнөн чыгып, окуусуна кеткен.

Өзгөчө белгилери: ошол күнү кара спорттук шым (ак сызыгы бар), ак көйнөк, кызгыл түстөгү сырткы кийим, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Ал достору менен 3 жума мурун Ош шаарынын Анар кичи районунан Түштүк-Чыгыш кичи районуна көчүп келген. Аймончок 4-апрелден бери социалдык тармактагы баракчаларын колдонгон эмес. Жоголгон күнү чөнтөк телефону өчүк болчу.

Аймончоктун үй-бүлөсү милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Учурда аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери издеп жатышат. Аймончок Таир кызын көргөн-билгендер болсо 0773 74 98 13, 0778 09 54 65 номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×