Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 11.04.2019 15:00

Аксыда эки адамдын өлүмү боюнча иш сотко өттү

Аксыйский район
Аксыйский район
// Turmush

Turmush -  Аксы районунда эки адамдын өлүмү боюнча иш тергелип, сотко өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө 27-февралда 1964-жылы туулган адам киши колдуу болуп каза болгон. Анын өлүмүнөн 1 күндөн кийин 40 жаштагы айылдашы өз өмүрүн кыйган.

«Эки адамдын өлүмү боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аксы РИИБдин кызматкерлери шектүү катары аталган айыл өкмөттүн 1993-жылы туулган тургунун Бишкек шаарынан колго түшүрүшкөн. Учурда иш тергелип, сотко өттү», - деп айтылат маалыматта.

Шектүү делген 26 жаштагы жигит үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Буга чейин Аксы районунда киши колдуу болуп каза болгон 1964-жылы туулган адамдын (эркек киши) өлүмүнө шектүү делип 26 жаштагы айылдашы кармалганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×