Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Чүй облусу, Кант 11.04.2019 14:44 На русском

Кантта 12 жаштагы баланы уурдап кетишти. Окуя болгон жерден видео

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 12 жаштагы окуучу бала уурдалганын билдирди.

Бүгүн саат 09:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынан өспүрүм бала уурдалгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ алгачкы маалыматтарды тактады.

Саат 08:40 чамасында Кант шаарындагы 2-кичи райондогу үйүнөн мектепке баруу үчүн чыккан 12 жаштагы Данил Браилкинди ак түстөгү «Хонда Фит» унаасы менен барган белгисиз адамдар алып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынып, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк социалдык түйүндөрдө Данилди унаага күч менен салып кетишкени тартылып калган видео тарады.

Данил Браилкин №4 Кант шаардык орто мектебинде окуйт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

«Мектепте орто окуйт жана жоош, бир мүнөздүү бала. Классташтары менен жакшы мамиледе жүрөт. Үйү мектепке жакын, 10 чакты үйдөн кийин эле. Азыр ата-энеси шок абалда, жаман болуп жатышат. Үйүнүн жанынан эле салып кетишиптир. Баланы атайын күтүп турушкан экен», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Ички иштер органдары Браилкин Данилдин жүргөн жерин билген же ак түстөгү «Хонда Фит» унаасын байкаган жарандардан жардам сурайт. Бардык суроолор, маалыматтар боюнча милиция кызматкерлери менен 102, 0312 43 01, 27 43 88 85, 070028 26 99 номурлары аркылуу байланышууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×