Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусу, Баткен 11.04.2019 12:30 На русском

Баткенде 1 күндө 3 чиновник кызматынан бошотулду. Ысымдары

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Баткен облусунда 3 чиновник кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, бүгүн Баткенде облустук коллегия өттү. Анда 3 кызматкер өз арыздарынын негизинде кызматтарынан бошотулгандыгы айтылды. Тиешелүү буйрукту облустун жетекчиси Акрам Мадумаров окуду.

Кызматтан бошотулгандар:

1. Облус жетекчисинин кеңешчиси Сейит Абдырахманов;

2. Облустук администрациянын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алижан Абдыкалыков;

3. Облустук администрациянын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев.

Аты аталган адамдарды А.Мадумаров белекке китеп берип узатты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×