Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 11.04.2019 11:58 На русском

Өзгөндө өз атасынан боюна бүткөн 15 жаштагы кыз көз жарды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн районунда өз атасынан боюна бүткөн 15 жаштагы өспүрүм кыз төрөдү. Бирок ал баладан баш тарткан. Бул тууралуу «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 15 жаштагы кыз Ош облустук төрөт үйүндө операция жолу менен көз жарган.

«Өспүрүм кыз 5-апрель күнү операция жолу менен уул төрөдү. Учурда ал төрөтканада. Баласын төрөт үйүнө эле таштап кетет, себеби баланы бакканга шарты жок. Кызды кайра “Ак жүрөк” кризистик борборуна алып кетебиз», - деди Дарика Асылбекова.

Ош облустук төрөт үйүнүн маалыматына караганда, 15 жаштагы өспүрүм кыз 5-апрель күнү саат 20:13 чамасында көз жарган. Баланын салмагы 2 кг 400 г болду. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Бала азырынча ымыркайлардын жандандыруу бөлүмүндө жатат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Эне-баланы бири-бири менен көрүштүрүшкөн, бирок өспүрүм кыз баласын эмизген эмес. Кыздын багууга шарты жок болгондуктан, баласынан баш тарткан. Ымыркай Ош шаарындагы реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилет.

Учурда кыздын атасына козголгон кылмыш ишти Өзгөн райондук соту карап жатат.

-----------------------------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кыздын атасы кармалганын жазган. Атасы күнөөсүн мойнуна алып, авто кырсыктан кийин акыл-эси жайында эместигин билдирген. Бирок экспертизанын жыйынтыгында анын акыл-эси жайында болгон деген бүтүм чыккан.

Кармалган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 11-март күнү анын иши Өзгөн райондук сотуна өткөрүлгөн. Ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган болчу.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчылары окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу кыз окуган мектепке барып келишкен. Аны толугу менен бул жактан окуса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×