Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.04.2019 19:57 На русском

Ак-Сууда 16 жаштагы өспүрүмдүн денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында 16 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күбөлөр аймактык кабарчыга билдиришти.

Учурда аталган айылдын тургундары каза болгон бала боюнча ар кандай пикирлерди айтышууда. Айрымдар өспүрүм бала эки досу менен бензин жыттап, андан кийин уктаган боюнча тоңуп калганын айтышууда.

Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы дагы тастыктады. Алардын маалыматына караганда, 9-апрель күнү Ак-Булак айылынын 2003-жылы туулган тургуну саат 13:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Ата-энеси милицияга бүгүн, 10-апрелде кайрылган. Өспүрүм бүгүн мектепке дагы келбегендиги аныкталды.

Айылдын аймактык тескөөчүсү менен баланын ата-энеси издөө иштерин жүргүзүшүп, анын жансыз денесин бүгүн саат 13:00 чамасында суунун жанынан табышкан. Ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, алгачкы текшерүүдө баланын денесинде тактар байкалган эмес. Ал тоңуп каза болгону болжолдонууда.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Анын жыйынтыгы чыкканда гана бала эмнеден каза болгону белгилүү болот. Азырынча өлүмдүн себебин айтуу мүмкүн эмес», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×