Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
10.04.2019 15:03 На русском

Эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн балдардын абалы кандай?

Turmush -  Кечээ, 9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектептин окуучуларына жасалган эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн балдардын абалы канааттандырарлык, деп билдирди аймактык кабарчы.

Учурда окуучулардын бирөөсү гана ооруканада. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилген.

Ооруканага түшкөн балдардан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова кабар алып, медициналык жардамдарды көрсөтүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5-класстын окуучуларына АДСМ вакцинасы (дифтерия жана селейме оорусуна каршы дары) берилген. Андан кийин эмделген балдардын 10дон ашыгынын башы ооруп, кускусу келип, титиреп, Баткен облустук бириккен ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген. Алардын ичинен 2 окуучу жандандыруу бөлүмүнө, 4 окуучу балдар бөлүмүнө жаткырылган. Дагы 9 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу.

Ата-энелер окуя жөнүндө балдары ооруканага келгенден кийин билишкенин айтышкан.


№3 мектептин директору Ильва Сатыбалдиеванын айтымында, 9-апрель күнү түшкөн чейин 46 окуучуга, түштөн кийин 27 окуучуга эмдөө жүргүзүлгөн. Алардын ичинен 13 окуучу ооруканага кайрылган.
Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Арзыбек Бөрүбаевдин айтымында, кечээ, 9-апрель күнү 73 окуучу эмдөөдөн өткөн.

«Окуучулардын жарымы түшкө чейин, жарымы түштөн кийин эмдөөдөн өткөн. Облустук ооруканага 15 өспүрүм кайрылган, алардын ичинен экөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эки окуучунун бирөөсү жалпы палатага которулуш керек. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү, алардын ден соолугуна коркунуч жок», - деген ал.

Арзыбек Бөрүбаевдин маалыматы боюнча, себепти аныктоо үчүн тиешелүү кызматтардын адистеринин катышуусунда штаб түзүлгөн.

Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиевдин айтымында, АДСМ вакцинасын сактоо мөөнөтү 2022-жылга чейин жарактуу болгон.

«Аймактагы мектептерде окуган окуучулар календардык вакцинациянын жүрүшүндө эмдөөдөн өткөн. Биз себебин жана кандай вакцина колдонулганын аныктайбыз. Балдардын тарамышы түйүлүп калган учурлар болгон», - деген Н.Орозалиев.

Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×