Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Нарын облусуАк-Талаа району 10.04.2019 13:56 На русском

Кызыл чокко бышкан даамдуу керчөө (сүрөт)

Керчөө
Керчөө

Turmush -  Керчөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сейрек бышырылып калды, дешет жашоочулар. Жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга билдиргендей, керчөө — күйөө балдардын тамагы же кемегенин жанында желе турган тамак.

Керчөөнү дайыма эле жасай албайсың. Адатта майда жандык (кой, эчки) союлганда гана бышырылат.

Керчөөнү кантип жасашат?

Малды сойгондон кийин төш этинен бир аз кесинди алынып (тери менен кошо), көлөмү адамдын эки алаканындай болот. Ал союлган малдын көлөмүнө жараша чоңураак же кичирээк дагы болушу мүмкүн. Кесип алган керчөөнүн ички бетин узун жана туурасынан кылып сырткы терисине чейин бир нече жолу тилип чыгып, үстүнө туз жана калемпир себеленет. Андан соң 10 мүнөттөй бүктөп коюшат. Бул ыкма ички бетине себилген туз менен калемпирди керчөөгө сиңирүү үчүн.

Андан кийин узун темир шишке керчөөнү сайып, эки капталы бырышып калбашы үчүн 4-5 жеринен ичке зым менен төөнөп коюу керек. Жыгач отундун кыпкызыл болуп күйүп турган чогуна 15-20 мүнөт убакыт кактап бышырылат. Жыйынтыгында биринчи катмары тери, ортосу май жана экинчи катмары эт болгон даамдуу керчөө даяр болот. Муну шишкебектин бир түрү катары да эсептешет. Бирок шишкебек менен керчөөнүн айырмасы чоң.

Мисалы, шишкебекти бардык эле малдын этинен жасашса, керчөө майда жандыктардын төш этинен гана жасалат. Экөөнүн окшоштугу — ысык чоктун табына бышырылганында.

Кыргыз элинин салтында, жамандык-жакшылыкта күйөө балдар мал союп, эт бышырып, эт устукундап, кыскасы кемегенин жанында кызмат кылышат. Бул учурда кемегеде эт бышырып жатып керчөө бышырып жешкен. Ага 3-4 адам өзөк жалгап алууга болот.

Керчөө — чайноо деген маанини билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×