Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуКемин району 27.04.2019 12:36 Жаңыланды: 22.06.2019 14:25

Жеңеке: Нурзат айым үлпөт тою күнү уктап калып, жеңелерине уят болгон

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынын тургуну Нурзат Аттокурова болочоктогу жолдошу менен жаанда калганда таанышкан. Аны менен аймактык кабарчы баарлашты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын облусунун Орто-Нур айылында 1993-жылы төрөлгөн. Бишкек шаарындагы Апас Жумагулов атындагы орто мектепти аяктап, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен билим алган. Жамгыр жаап жатканда «жеткирип коёюн» деген бейтааныш жигит Нурзат айымдын жолдошу болуп калды.

«Жолдошум экөөбүз кокустан эле таанышып калганбыз. Көчөдө кичи автобус күтүп тургам. Жаан аябай жаап жаткан. Кол чатыр дагы албай калыптырмын. Суу болуп турганда бир автоунаа токтоду. Айдоочу жигит терезесин түшүрүп "ала кетейин, каякка барасыз?" деп сурап калды. Жолдошум менен ошентип таанышып, 2011-жылы баш кошконбуз. Кийин "ошол күнү эмнеге токтодуң?" деп сурасам, "боорум ооруп кетти, анан жолдон сүйлөшүп баратып жагып калдың" деген», - дейт Нурзат айым.

Учурда жубайлар 4 баласын тарбиялап жатышат. Н.Аттокурова үлпөт тою бүткөндөн кийин уктап калганын эсинен чыгарбайт.

«Үйлөнүү той болгон күн болчу. Аябай чарчап калыптырмын. Аны бардык эле келиндер билсе керек. Үйдө төркүнүм, кайын журтум бар болчу. Мен ресторанда кийген көйнөгүмдү чечип, үйгө кийген кийимдеримди кийип, бир аз жата турайын деп, көшөгөгө кирип уктап калыптырмын. Жеңелерим "үйдө меймандар кете элек, чай куй" дешсе, мен уйкулуу көзүм менен эмне деп айтканымды билбейм. Айтор уйкумду андан ары улантыптырмын. Эртеси "уктагым келип жатат деп турбай койдуң" деп күлүшкөн. Мен үйдөгүлөрдү карай албай, көпкө чейин уялып жүрдүм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×