Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Чүй облусуМосква району 10.04.2019 10:54

Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланды (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 39 жаштагы Ешалиев Кубанычбек Жолдошбекович шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Москва районундагы аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Тойаалы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо 8-апрель күнү райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында өткөрүлгөн. Ага айылдык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 30 эл өкүлү катышты.

«Айыл өкмөт башчысы кызматына Кубанычбек Ешалиев менен Бакыт Алыбековдун талапкерлиги коюлган. Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында К.Ешалиев 17, Б.Алыбеков 13 добушка ээ болушту. БШК биздин чечимибизди бекиткенден кийин аны жамаатка тааныштырабыз. Ошол күндөн баштап өзүнүн милдеттерин толук кандуу аткара баштайт», - деди Т.Кыдыралиев.

Айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бакыт Төлөмүшов 2018-жылдын 27-июнунда өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен. 10 айга жакын убакыттан бери бош турган айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына эч ким шайланган эмес.

Жаңы шайланган К.Ешалиев 1980-жылы туулган. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×