Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусу, Нарын 09.04.2019 16:35

Нарын ОИИБ өспүрүмдөр арасындагы кылмыштарды алдын алуу аракетинде

Turmush -  Нарын ОИИБдин демилгеси менен «Үй-бүлө ынтымагы жана тынчтыгы — мамлекеттин бейпилдигинин пайдубалы» деген темадагы форум уюштурулуп, облустагы билим берүү мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомдук активисттер, күч түзүмдөрүнөн жалпы 200дөн ашык өкүл катышты. Анда өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук көйгөйлөрү ортого салынып, талкууланды, деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.

Аталган форумдун негизги максаты — үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана өспүрүмдөргө болгон ырайымсыз мамилеге бөгөт коюп, коомчулук менен бирге күрөшүү болуп саналат.

«Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасында болгон окуялар, кылмыштар коомчулуктун үрөйүн учуруп келет. Өткөн жылы Нарын облусунун Жумгал районунда өспүрүмдөр арасында топтошуп мушташуудан улам адам өлтүрүү фактысы менен аяктаган кылмыш катталган. Ушундай эле көрүнүш 2019-жылдын март айында Ак-Талаа районунда кайталанган. Айрым серепчилердин пикиринде, мындай терс көрүнүштөрдүн кайталанышынын бир себеби — ата-энелердин өз балдарына болгон кайдыгер мамилеси. Ал эми зордук-зомбулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү өспүрүм курактагы жаш балдар. Форумдун жүрүшүндө өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча коомчулук арасындагы терс көйгөйлөрдү ортого салып, бирдиктүү макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу зарыл экендиги да белгиленди», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнө окуучулардын бош убактысында ар кандай ийримдерди, спорттук иш-чараларды өткөрүп туруу сунушталды. Муну менен катар форумдагы конокторго Нарын ОИИБдин ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×