Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусу, Нарын 08.04.2019 19:15

Нарындыктар ден соолуктарын бекер текшертишти

Turmush -  Кечээ, 7-апрелде Нарын шаарынын тургундары ден соолуктарын акысыз текшертишти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, тургундардын ден соолугун бекер текшертүү боюнча акция облустук ден соолук комитети тарабынан уюштурулган. Анда кардиолог, терапевт, балдар дарыгерлери тургундарды бекер медициалык кароодон өткөрүшүп, кан басымдарын текшерип, кеп-кеңештерин беришти. Ошондой эле тургундарга кургак учукка каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өпкөлөрүн флюорографиялык аппаратка бекер текшертишти.

Мындын сырткары, акцияга катышкан мекеме-ишканалардын кызматкерлери арасында чоюн көтөрүү, кол күрөш, аркан тартыш сыяктуу спорттук мелдерштер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө