Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Талас облусуКара-Буура району 08.04.2019 13:59 На русском

Жаза алган адам Таластагы жатак абакта жашап жатат. Сүрөт

Turmush -  Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Талас облусундагы өкүлдөрү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кара-Буура районунун Маймак айылындагы №29 жаза өтөө мекемесине барышты.

Аймактык жетекчи, башкы эксперт Нурлан Абдыраимовдун айтымында, алар 4-апрелде аталган мекемеге барышкан. Ал жерде 1986-жылы туулган З.Е. жаза өтөп жатат. Ал азык-түлүк берилбей жаткандыгын айтып даттанган. Андыктан ал суудан балык кармап келип сатып, жан багып жаткан. З.Е. ага 10 күнгө деп берилген азык-түлүк 2-3 күнгө гана жетерин билдирген.

Кармап келген балыктарын дүкөндөргө сатат. Ал мындан тышкары мончодо жууна албай, бөлмөдө же көчөдө жуунуп жаткандыгын айткан. Бөлмөдө болсо санитардык абал сакталган эмес, терезелер сынган. З.Е. мекемеге караштуу музоолуу 2 уйду, 8 койду багат. Кошумча киреше табуу үчүн жергиликтүү тургундардын дагы малын багат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлдү. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жаза өтөп жаткан З.Е.нин жашап жаткан шарты адамдык ар-намысты басмырлоо деп эсептейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×