Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.04.2019 13:54

Аксыда стол тенниси боюнча райондук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (видео)

Turmush -  Аксы районунда окуучулар арасында стол тенниси боюнча райондук мелдеш өтүп, Итагар айылынын окуучулары жеңишке жетти. Бул тууралуу мышыктыруучу Нурмырза Сатымбаев билдирди.

Анын айтымында, Итагар айылындагы А.Батыркулов атындагы мектебинин эки окуучусу райондогу 65 мектептин ичинен жеңүүчү болду.

«Буга чейин окуучулар айыл өкмөттөрдөн тандалып, жеңүүчүлөр райондук мелдешке жолдомо алышкан эле. Мелдешке жалпы 8 команда катышып, биздин 2 окуучу жеңишке жетти», - деди Н.Сатымбаев.

Аксы районунун окуучулары өткөн 2018-жылы стол тенниси боюнча Жалал-Абад облусунда биринчиликти алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×