Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.04.2019 12:35 На русском

Мууздалган таксист: Шектүүлөр 9 айдан бери табыла элек. Милиция эмне дейт?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  2018-жылдын август айында Чүй облусунда киши колдуу болуп көз жумган таксисттин балдары 9 айдан бери кылмыштын бети ачылбай жатканына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Чүй облусунда дайынсыз жоголуп, андан соң жансыз денеси табылган 52 жаштагы Бактыбек Чылпаков такси кызматында иштечү. Ал Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айылынын тургуну болгон. 2018-жылы 5-августта эртеӊ менен үйүнөн жумушка унаасы менен кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

«9 айдан бери кылмышкерлер кармалбай келет. Тергөөчүлөрдөн сурасак, иштеп жатабыз дешет. Жыйынтык болбой жатат. Кантип эле бир илинчээк табылбасын деген ой келбей койбойт экен», - дешет маркумдун балдары.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Кылмыш иштин бетин ачуу максатында тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, учурда бардык кызматтарга тапшырмалар берилип, ыкчам издөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Азыркы маалда кылмыш иш Чүй ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергелүүдө» - деп билдиришти аталган басма сөз кызматынан.

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маркумдун уулу менен байланышкан.
«5-август күнү эртеӊ менен жумушка чыгып кетиптир. Москванын сааты боюнча кечки саат 18:00дө аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ал "Кардарлар келип калды" деп телефонун өчүрүп койгон болчу. Андан кийин эле телефону өчүк болуп калды.

Ал бир топ жылдан бери такси кызматында иштеп келет. Көбүнчө Тузов, Серафимовго каттайт. 3 уул, 1 кызы бар. Мындай окуя мурда болчу эмес. Каякта жүргөнүн бизге айтып турчу», - деп билдирген маркумдун уулу Атай.

Каза болгон Бактыбек Чылпаков «Хонда Одиссей» (S 6509 AX) үлгүсүндөгү автоунааны айдачу.

«6-августта (2018-жыл) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон кишинин 1951-жылы туулган жубайы арыз менен кайрылган. Бул арыз кылмыш каттоо китебине катталып, ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин башташкан. 6-августта кечки саат 22:00 чамасында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жоголгон адамдын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасы Кант шаарынын Хунчи айылынын жанындагы айдоо талаасынан табылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында 52 жаштагы Ч.Б.нын жансыз денеси Кант шаарына кетип бараткан жакта, тактап айтканда Хунчи менен Биринчи май айылдарынын ортосундагы айдоо аянтчасынан табылган», - деп билдиришкен Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон болчу.

Издөө иштерине катышкан айылдык тургундардын айтымында, маркумдун денесине 4-5 жолу бычак сайылып, мойнунан мууздап кетишкен. Ошондой эле унаага кароо жүргүзгөн маалда анын ичинде кандын тактары, чегилген чылымдын калдыктары табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×